Борбордук шайлоо комиссиясы бир нече талапкерди партиялык тизмеден чыгарды. Бул тууралуу комиссиянын отурумунда белгилүү болду.
БШК “Мекенчил эл” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен Ибадат Сакматованы, “Аруузат-Эл куту” саясий уюмунун төрт талапкерин: Нургазы Уркумбаевди, Эсен Жумаевди, Акылбек Мураталиевди, Алымжан Молдосвигаровскийди жана №4 Ош облусундагы Көк-Жар шайлоо округунан талапкер Талас Калмаматовду чыгарды.
Мындай чечим талапкерлердин өздөрүнөн түшкөн арыздардын негизинде кабыл алынган.