Парламенттик шайлоо. БШК бир нече талапкерди тизмеден чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы бир нече талапкерди партиялык тизмеден чыгарды. Бул тууралуу комиссиянын отурумунда белгилүү болду.

БШК “Мекенчил эл” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен Ибадат Сакматованы, “Аруузат-Эл куту” саясий уюмунун төрт талапкерин: Нургазы Уркумбаевди, Эсен Жумаевди, Акылбек Мураталиевди, Алымжан Молдосвигаровскийди жана №4 Ош облусундагы Көк-Жар шайлоо округунан талапкер Талас Калмаматовду чыгарды. 

Мындай чечим талапкерлердин өздөрүнөн түшкөн арыздардын негизинде кабыл алынган.