Парламенттик шайлоо. БШК Равшан Жээнбековдун билдирүүсүн четке какты

БШК «Равшан Жээнбековдун документтери алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн кабыл албай жатат» деген билдирүүсүн четке какты.

Талапкерлер жана партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун маалыматы боюнча, талапкердин ишенимдүү адамдары комиссияга кайрылышкан эмес жана документтерди тапшырышкан эмес. «Экс-депутаттын сөзү чындыкка дал келбейт»,  —деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 29-сентябрда Равшан Жээнбеков депутаттыкка ат салышуу ниетин билдирген. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы анын документтерин кабыл албай койгонун айткан.