Парламенттик шайлоо. БШК Талант Мамытовду каттоодон баш тартты

БШК Талант Мамытовду Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тартты. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине БШКдан тастыкташты.

Ал талапкерликке арыз жазган күндөн тартып 5 күндүн ичинде Жогорку Кеңештин төрагалыгын өткөрүп бериши керек болчу. Талант Мамытов кызматын өткөрүп бербегендиктен, БШК жумушчу топтун сунушун колдоп, аны каттабоо чечимин кабыл алды.

Талант Мамытов «Ынтымак» партиясы менен шайлоого аттанган болчу.