Парламенттик шайлоо. Чет өлкөлөргө 57 шайлоо тилкесин ачуу пландалууда

Чет өлкөлөрдө 57 шайлоо участогун ачуу планы бар. Бул тууралуу БШКнын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Арсланбек Үмөталиев БШКнын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Тышкы иштер министрлиги шайлоо участкаларынын тизмесин сунуштаган. «Ага дүйнөнүн 28 өлкөсүндөгү 57 шаар кирет. Бул биздин шайлоо практикабызда биринчи жолу болуп жатат. Мисалы, президенттик шайлоодо жана референдумда республиканын чегинен тышкары 48 шайлоо участогу болгон», — деди ал.

Арсланбек Үмөталиев кошумчалагандай, жаңы УШКларды Казань, Краснодар, Самара, Хабаровск жана Томск, Нью-Йорк, Чикаго, Анталия жана Кальяриде ачуу пландалып жатат.