Парламенттик шайлоо. Депутат кызматтан алынган ОшМУнун ректоруна болушту

«Ош мамлекеттик университеттин ректорун иштен алып салды. Бул жаш, жакшы кадр эле». Бул тууралуу парламент жыйынында депутат Аккулу Бердиев билдирди.

«Саясатка аралаштырып, иштен алып койду. «10 студент партиянын үгүт ишине катышты» деп. Эми ар бир студентти көзөмөлдөп жүрө албайт. Ошондуктан муну калыс карап, ордуна коюп коюш керек да. Көптөн бери жакшы иштеп келе жаткан», — деди ал.

Кечээ, 9-ноябрда Министрлер кабинети маалымат таратып, ОшМУнун ректору кызматтан алынганын билдирген. Ага студенттердин үгүт иш-чарага катышуусу себеп болгон.