Парламенттик шайлоо. Камчыбек Жолдошбаев жарыштан четтетилди

БШК Бишкек шаарындагы №26 Ленин шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Камчыбек Жолдошбаевди каттоону жокко чыгарды.

Кечээ, 17-ноябрда УКМК Жолдошбаевдин кудасы добуш сатып алууга шектелип кармалганын билдирген. Анын райондук жана үй комитеттеринин айрым төрагаларын мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүүгө, шайлоочуларды акчалай сыйлык алуу үчүн сатып алууга көндүргөнү аныкталганы айтылган. Бул боюнча УКМК БШКга кабарлаган.