БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Шаирбек Ташиевдин үстүнөн түшкөн арызды карады.
Буга чейин Фейсбук колдонуучулары УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунун Барпы айылында Муратовдордун үй-бүлөсүнө жаңы үйдүн ачкычын тапшырганын жазып чыгышкан. Арыз БШКнын координациялык жумушчу тобуна жөнөтүлгөн.
№14 Жалал-Абад шайлоо округу боюнча бир мандаттуу талапкер Шаирбек Ташиев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкерлерге, алардын жакын туугандарына, жубайына, саясий партиялардын өкүлдөрүнө шайлоо дайындалган учурдан тартып алардын жыйынтыктары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
Милиция бул боюнча маалымат таратып, бул үй-бүлөгө берилген үйгө Ташиевдердин тиешеси жок экенин билдиришкен. Бирок БШК муну үгүт иштеринин эрежесин бузуу деп эсептеп, Шаирбек Ташиев кат жүзүндө эскертүү алды. Талапкер бул чечимге макул болбой, сотко кайрыларын билдирди.