Парламенттик шайлоо. Партиянын тизмесиндеги талапкерлердин саны чектелди

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова алдыдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бюллетенге киргизиле турган партиялардын тизмесиндеги талапкерлердин саны 54төн ашпашы керектигин билдирди.

Анын айтымында, буга чейин саясий уюмдардан мандатка талапкерлердин тизмесине 200 кишиге чейин кирген. «Алардын арасында кызмат орундарын ээлеп, шайлоо учурунда ишмердүүлүгүн убактылуу токтоткондор болду. Бул административдик ресурсту колдонууга алып келди. Андыктан тизмеде чындыгында депутат болууга даяр талапкер гана болушу керек деп эсептейбиз. Анткени 200 талапкердин ичинен 30-40 адам депутат болууга чындап даяр болчу, калгандарына кызматтар берилген», — деди төрайым. 

Ал ошондой эле партия тизмеге кирген талапкерлерди бир мандаттуу округ боюнча көрсөтө албасын түшүндүрдү.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленген.