Парламенттик шайлоо. Шайлоо өнөктүгү 29-октябрда башталат

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планына ылайык, шайлоо алдындагы үгүт иштери 29-октябрда башталат. Бул тууралуу БШКнын үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун мүчөсү Наргиз Нанакеева радионун эфиринде билдирди.

Анын айтымында, шайлоо өнөктүгү 27-ноябрда саат 08:00дө аяктайт. «Жымжырттык күнү — 27-ноябрь, ал эми 28-ноябрь — Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү», — деди ал.