Парламенттик шайлоо. Венгрияда биринчи жолу шайлоо тилкеси ачылат

БШК кечээ, 28-сентябрда болуп өткөн жыйынында 28-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоодо өлкөдөн тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыздоо максатында Будапешт шаарында №9058 шайлоо участогун түзүү чечимин кабыл алды. Маалыматка караганда, чечим Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинин түзүлүшүнө байланыштуу Тышкы иштер министрлигинин сунушунун негизинде кабыл алынган.

Ошентип, алдыда боло турган Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого карата чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларынын жалпы саны 29 өлкөдө 58ге жетти. Ошондой эле, быйыл биринчи жолу төмөнкү шаарларда 9 шайлоо участогу ачылмакчы: