Парламенттик шайлоо. “Ынтымак” партиясынын тизмесинен эки талапкер чыгарылды

БШК “Ынтымак” саясий партиясынын тизмесинен эки талапкерди чыгарды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Арзыбек Карыбеков менен Сагындык Келдибаев “Ынтымак” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылганы көрсөтүлгөн. Чечим жогоруда аты аталган талапкерлерден 3-ноябрда келип түшкөн арыздардын негизинде “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынган.