Парламенттик шайлоого катышуу үчүн бир мандаттуу округдардан талапкерлер арыз бере баштады

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына бир мандаттуу округдан талапкер Акылбек Сариевден арыз түштү. Ал №33 Нарын шайлоо округунан ат салышууга ниеттенүүдө.

Бир мандаттуу округ боюнча депутаттыкка талапкерлер каттоо үчүн документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен — 18-октябрда саат 18.00гө чейин тапшырышы керек.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештеги 90 депутаттын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат.