28-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме БШКга 38 партиядан түштү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Алар:
- «Социал -демократтар»;
- “Улуттар биримдиги”;
- “Ишеним”;
- «Альянс»;
- “Кыргызстандын жашылдар партиясы”;
- “Жаратман Эл”;
- «Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия»;
- «Ата Мекен»;
- «Ыйман Нуру»;
- «Эл үмүтү социалдык саясий партия»;
- “Актив”;
- “Бийлик элге”;
- ”Акыйкат Кыргызстан”;
- «Ар-Намыс»;
- «Кыргызстандын саясий кучторунун альянсы»;
- «Күч биримдикте социалдык-саясий партиясы”;
- «Азаттык” демократиялык партия”;
- «Ынтымак”;
- «Аалам”;
- «Тилектештик”;
- «Социалист”;
- «Ак Асаба”;
- «Ак Бата”;
- «Адилет”;
- «Ата-Журт Кыргызстан”;
- «Мекенчил Эл”;
- “Бирге-Вместе”;
- “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы”;
- “Менин Мекеним”;
- “Келечек-Будущее»;
- ”Элдик Партия”;
- “Биздин Эл”;
- “Жаңы ЭРА”;
- «Күчтүү регион”;
- «Жаңы Мезгил”;
- “Бүтүн Кыргызстан”;
- “Кыргызстандын элдик-демократиялык партия”;
- «Асыл- Мурас Жаштар”.
БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календарлык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар борбордук комиссиясына жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек экендигин эске салат. Жазуу жүзүндө билдирме берүүнүн акыркы күнү – 3-сентябрь, саат 18.00гө чейин.
Бир мандаттуулукка кантип, кайсыл убакка чейин кабыл алат?