«Партиянын жеңиши уурдалды». «Улуттар биримдиги» шайлоонун жыйынтыгы боюнча кайрылуу жасады

«Улуттар биримдиги» партиясынын саясий кеңеши кайрылуу жасады. Кайрылуу соцтармактагы партиянын баракчасына жарыяланды.

«Урматтуу биздин шайлоочулар! Биз баарыбыз жыл бою зарыгып күткөн парламенттик шайлоо 28-ноябрда болуп өттү. 2020-жылдагы олигархтар менен бийлик тарабынан сатып алынган шайлоо элдин ишенбестигин жана нааразылыгын жаратып, Кыргыз Республикасынын 5-президенти Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине себеп болгонун баарыбыз жакшы билебиз. Ошондон бери кыргыз эли жаңы жана таза парламенттик шайлоону күтүү менен жашап келген. Тилекке каршы, шайлоо ар кандай саясий себептер менен улам кийинки убактарга жылдырылып жатты. Акыры 28-ноябрда, туура 1 жыл 51 күндөн кийин эл күткөн шайлоо да болуп өттү. Көп нерседен көңүлү калган элибизди 21 партия жана бир мандаттуу округдар боюнча 321 талапкер, жалпысынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 1300дөн ашуун талапкер бир ай бою элди 28-ноябрда боло турган шайлоого келип, мыйзам чыгаруу бийлик бутагынын жаңы жана мыкты курамын түзүү үчүн добуш берүүгө көндүрүштү.

Ошентип, шайлоо да өттү. Жалпысынан өлкөдө 3 миллион 703 миң 420 шайлоочу бар болсо, анын 1,3 миллионго жакыны гана кайдыгер эмес болуп, атуулдук милдетин аткарды – бул шайлоочулардын жалпы санынын дээрлик 35 пайызына жакынын гана түзөт. Ошентсе да, Жогорку Кеңешке кайра шайлоонун салган кара тактары көңүлдөн кетпей калды. Административдик ресурсту колдонуубу же добуш сатып алуубу, айтор булардын эч бири менен салыштырууга мүмкүн болбогон ыплас иштер жасалды – сервердин саат 20:00дөгү техникалык үзгүлтүккө учурашынан кийинки абал Кыргызстандын көпчүлүк жарандарынын БШКга жана азыркы бийликтин саясий реформаларына болгон ишенимин кетирди.

Ал эми «Улуттар биримдиги» элдик партиясынын жеңиши уурдалды! Кандайдыр бир катачылыкка, кайсы бир техникалык аткаруучу-оңдоочуга шылтап туруп, жеңишибизди жокко чыгарышты. Биздин колубузда онлайн маалыматтардын тартылып алынган скриншот сүрөтү бар, анда “Улуттар биримдиги” элдик партиясы 5,17 пайыздык көрсөткүч менен 5 пайыздык босогодон өткөнү көрсөтүлгөн. Бирок БШКнын сервери бузулгандан кийин биздин көрсөткүч негедир 2,26 пайызга түштү, ал эми кол менен эсептегенден кийин болсо, 2,45 пайызды көрсөтүп калды. Мына, сиз менен биздин жеңишибиздин жыйынтыгы. Ошентсе да, “Улуттар биримдиги” элдик партиясы шайлоо участкаларына келип, биз үчүн добуш берген бардык шайлоочуларга терең ыраазычылык билдиребиз!» — деп жазылат кайрылууда.