«Паспорт таңкыстыгы»: Сөгүш жеген жетекчи паспорт көйгөйлөрү жөнүндө үн катты

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акин Мамбеталиев бүгүн, 12-мартта «АКИпресс» маалымат агенттигине интервью берди. Анда ал жаңы паспортторду даярдоо иши эмне үчүн кечеңдеп жатканын жана Кыргызстандагы паспорт таңкыстыгы (паспорт кризиси) бар экенин айтып берген.

2020-жылдын башында департаментте 250 миңге жакын жалпы жарандык паспорттун бланкасы болгон.  Орто эсеп менен мекеме айына 25-30 миң форма коротот, бирок жай айларында пандемия болуп, паспортко болгон суроо-талап 10-15 миңге чейин азайган. Бирок паспортторго талап башка өлкөлөр ноябрь айында чек араларын ача баштагандан кийин кескин жогорулап, Россия менен Казакстан чет элдик паспорттор менен кирүүнү талап кыла башташкан. Бирок буга чейин ал коңшу мамлекеттерге жөнөкөй эле паспорт (ID-card) аркылуу кирүү мүмкүн болчу. 2020-жылдын декабрь айынан 2021-жылдын февраль айына чейин биз дээрлик үч жолу жарым жылдык иштин көлөмүн толтурдук.  Айына дээрлик 50-60 миң паспорт берилип атты. Мындан улам биз эки жума мурун бланктарды берүүдөн баш тарта баштаганбыз. Себеби бланктардын кору өтө аз калган. Ошондуктан, өтө муктаж болгондорго, башкача айтканда, дарыланууга, үй-бүлөлүк себептер менен же окууга кетип жаткандарга гана берүү чечими кабыл алынган”,- деп билдирген ал.

Ошондой эле Мамбеталиевдин айтымында азыр мекемеде 20 миң бланк кагаздары бар, анын 16 миңи иштетилүүдө, 4 миңин 2021-жылдын 1-майына чейин жеткириш керек.

Белгилей кетсек, 9-мартта жаңы паспорт берүү кечиктирилгени үчүн өкмөт башчы Улукбек Марипов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевге сөгүш жарыялап, анын орун басары Тилек Батыркановду кызматтан кетирген.