Павел Хрипунов президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду

Президенттин кеңешчиси Хрипунов Павел Владимирович ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Хрипунов 2021-жылдын 28-октябрында президенттин кеңешчиси болуп дайындалган.