Педофилдердин жазасын жеңилдетүүгө тыюу салган мыйзам иштелип чыгып, комитетте колдоо тапты

Депутат Марлен Маматалев бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент боюнча комитетинде педофилдердин жазасын жеңилдетүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун добуш берүүгө койду.

“Статистиканы карасак, 2021-жылы балдарга карата 3034 кылмыш жасалса, анын 500гө жакыны, тилекке каршы, анын 293ү жыныстык эркиндикке каршы, 153ү үй-бүлө мамиле салтына жана жашы жете электердин кызыкчылыгына каршы болгон экен. Мыйзамды өзгөртүп жаткан себебибиз – кылмышкерлер мунапыска да, кылмыштын мөөнөтү өтүп кетти дегенге да кирип калат экен, психикалык жактан оорулуумун деп жоопкерчиликтен качып кете алат экен”, — деди ал.

Анын айтымында, эгер бул мыйзам ишке кирсе, педофилдер мунапыс ала албайт, аларга кылмыштын мөөнөтү деген аныктама колдонулбайт. Мыйзам долбоор комитетте бир добуштан кабыл алынды.