«Пенсия, жөлөкпул, кенемтени өз убагында төлөө зарыл». Президенттин милдетин аткаруучу вице-премьерди кабыл алды

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 19-ноябрда өлкөнүн вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева менен жолугушту. Жолугушууга ошондой эле саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчилери катышты.

Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүү чаралары жөнүндө маалымат берди. Медициналык мекемелерде тест-системалары менен жабдуулар жетиштүү экенин билдирди. Мындан сырткары, вице-премьер өлкөдөгү кырдаал жана социалдык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымдады.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов учурдагы түзүлгөн кырдаалда биринчи кезекте мамлекеттин бардык социалдык милдеттенмелерин, айрыкча эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен учурдагы саламаттыкты сактоо системасы боюнча милдеттенмелерди аткарууга көңүл бурулушу керектигин баса белгиледи. Талант Мамытов өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүнүн жана пандемияга каршы күрөшүүгө багытталган иштерди өз убагында каржылоонун өзгөчө зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле медициналык кызматкерлерге максималдуу түрдө колдоо көрсөтүү, аларды бардык керектүү медициналык зарыл каражаттар менен камсыз кылуу, ошондой эле айрым дары-дармектердин жетишсиздигин жана баалардын спекуляциясын болтурбоо үчүн дары-дармектердин корун жетиштүү камсыздоонун маанисине көңүл бурду. Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу иш-чараларына медициналык кызматкерлерди ыкчам тартуу үчүн медициналык кадрлардын резервин түзүүнүн маанисине токтолду.

Ошондой эле өкмөттүн бардык социалдык төлөмдөрдү — пенсия, жөлөкпул, кенемтелерди өз убагында төлөөсү зарылдыгын баса белгиледи. Турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө өзгөчө көңүл буруу керектигин кошумчалады.