Премьер-министр Баткенге өзгөчө статус берүү маселеси каралып жатканын айтты

Бүгүн, 16-февралда премьер-министр Улукбек Марипов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, анда ал Баткен облусунун тургундарына чек ара маселеси боюнча жардам берүү үчүн бардык аракеттерди жасай турганын айтты. Жана учурда аталган дубанга өзгөчө статус берүү маселеси карала баштаганын да белгиледи.

«Кечээ күнү Баткен облусунун жетекчиси алмашты. Өкмөттүн өкүлү болуп Өмүрбек Суваналиев дайындалып, барды. Ал адам өз ишин так аткарат деп үмүт кылабыз. Баткен облусунда тактала элек чек ара тилкелери бар, кырдаал абдан оор. Биз ал жакта жашап жаткан тургундарга жардам берүү үчүн бардык аракеттерди жасайбыз. Учурда облуска өзгөчө статус берүү маселеси каралып жатат», — деди өкмөт башчы.

Аны менен катар Марипов өкмөт жакынкы күндөрү чек ара маселенин чечүүгө киришерин кошумчалады.