Премьер министр: Бишкекте жаңы калкты тейлөө борбору ачылат

Бишкек шаарында жаңы Калкты тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда өкмөт башчы Улукбек Марипов Юстиция министрлигинин Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты тейлөө борборлорунун бирине текшерүүгө барганында айтканын  өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы Калкты тейлөө борбору «Эльдорадо» соода борборунун имаратында ачылат.

«Кызматкерлер такталып, тийиштүү жабдуулар орнотулган соң, «Эльдорадо» соода борборунда  жаңы Калкты тейлөө борбору ачылып,  Ички иштер министрлигинин жана Коргоо министрлигинин линиясы боюнча бардык маалымдамалар берилип, кеңири кызмат көрсөтүлүп баштайт»,- деп айтылат маалыматта.