Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы ант берди. Ага президент Садыр Жапаров катышты.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Өкмөттүн жаңы курамы:
- Марипов Улукбек Асамидинович — премьер-министр;
- Новиков Артем Эдуардович — биринчи вице-премьер-министр;
- Кармышаков Улукбек Тойчуевич — экономика жана финансы министри, вице-премьер-министр;
- Асанкулов Жеңиш Асанкулович — Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси, министр;
- Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович — коргоо министри;
- Казакбаев Руслан Айтбаевич — тышкы иштер министри;
- Чыныбаева Асел Рыспековна — юстиция министри;
- Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович — саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри;
- Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич — билим берүү жана илим министри;
- Иманалиев Кайрат Олжобаевич — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
- Ажикеев Бообек Эргешович — өзгөчө кырдаалдар министри;
- Ниязбеков Улан Омоканович — ички иштер министри;
- Абдралиева Гүлмира Курманбековна — транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри;
- Турдубаев Кубанычбек Апышевич — энергетика жана өнөр жай министри;
- Жаныбек Аскарбек Сапарбекович — айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;
- Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы.
Мунун алдында президент Садыр Жапаров мурдагы өкмөттүн бир катар мүчөлөрүн кызматтан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду.