Премьер-министр Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин ишин сындады

Өкмөт башчы Улукбек Марипов бүгүнкү, 17-февралда өткөн азык-түлүк коопсуздугун талкуулоо боюнча кеңешмеде Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин ишин сынга алды.

«Ведомствонун аталышы айтып тургандай, сиздер социалдык маанилүү товарларга карата бааларды кармоо маселесинде олуттуу ролду аткарышыңыздар керек. Иш жүзүндө сиздер мониторинг жана фактыларды тизмектөө менен гана чектелип жатасыздар. Агенттиктин жетекчилиги рыноктогу жана дүкөндөгү реалдуу абал кандай экендигин билбейт. Ыңгайлуу орундукта отуруп, буйрук бергенге гана көнүшкөн. Бул тажрыйбаны токтотуу керек. Мен өзүм кээде базарларга барып, тамак-аш азыктарына карата бааларга көз салып турам жана жарандардын нааразычылыгын жакшы түшүнөм»,-деп айткан премьер-министр жыйында.

Ошондой эле Марипов эң биринчиден муктаждыкты жараткан, өзүбүз өндүргөн продуктулар менен камсыздоо иретинде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрүн себүү үчүн айдоо аянттарын кеңейтүү зарылдыгын да баса белгиледи.