Премьер-министр Орусиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Өкмөт башчы Улукбек Марипов Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы жолугушуунун жүрүшүндө Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү, жакын досу экенин, эки өлкөнү тарыхый жана маданий түйүндөр байланыштырып турарын белгилеп, президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапарында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча өкмөт тийиштүү иштерди жүргүзөрүн билдирген.

Ошондой эле жыйында эки тарап саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданий-гуманитардык, экономикалык кызматташтык, инвестициялык климатты жакшыртуу багыттарына тийиштүү биргелешкен кыргыз-орус долбоорлорун колдоо иштерин талкуулашты.

Ал эми элчи Удовиченко өз кезегинде кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин тез арада чечүүгө даяр экенин айтты.