Премьер-министр Улукбек Марипов өзүнө кеңешчи дайындады

Өкмөт башчы Улукбек Мариповго коомдук башталыштагы кеңешчи болуп Динара Руслан дайындалды. Маалыматты өкмөттөн кабарлашты.

«Премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон бүйрукка ылайык, Динара Руслан премьер-министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды», — деп жазылат билдирүүдө.

Динара Руслан CodifyLab Academy программалоо жана Дизайн академиясынын негиздөөчүсү жана башкы директору. Ошондой эле Кыргыз программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар жана тейлөө ассоциациясынын (КАРПОУ) башкармалыгынын төрайымы жана мүчөсү.