Премьер-министр Улукбек Марипов Япониянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сигэки Маэданы кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз өкмөтү инвесторлорду коргоого жана иштөө үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурат. Тараптар бизнес, IT-технологиялар, айыл чарба, туризм жана башка тармактарда кызматташууну тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Өз кезегинде Сигэки Маэда Кыргызстан менен Япониянын ортосунда кызматташуунун чоң потенциалы бар экендигин белгилеп, япон компаниялары Кыргызстанда программалоо жана IT-технологияларын окутуу боюнча мектеп ачууга даяр экендигин кошумчалады.
Жыйынтыгында тараптар кыргыз-япон кызматташтыгын мындан ары активдештирүү жана кеңейтүү тууралуу макулдашты.