Жума, 27.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Президент: «2026-жылы өлкөдө 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда»

15:13 05.01.2026
0
Президент: «2026-жылы өлкөдө 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда»

IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири — мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду. Бул суроолорго президент Садыр Жапаров кеңири жооп берип, 12 жылдык билим берүү системасы, демографиялык өсүш жана МИКтин баа саясаты боюнча түшүндүрмө берди.

— Делегаттар тарабынан көтөрүлгөн дагы бир маселе — Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) тарабынан салынып жаткан турак жайлар тууралуу болду. Айрымдар, айрыкча мигранттар, МИК батирлеринин баасы жогору экенин айтышты. Батирлердин баасын төмөндөтүү же кошумча социалдык категорияларды киргизүү мүмкүнчүлүгү каралабы?

— Биз бул жерде келечекти карап жатабыз. Биринчиден, МИК аркылуу берилген турак жайлар 25 жылга, алгачкы төлөмсүз берилет. Мисалы, Бишкек шаарында мамлекеттик турак жай программасынын алкагында кезекте турган жарандар үчүн батирдин 1 чарчы метринин баасы курулуш жайгашкан районуна жараша 900 доллардан 1 000 долларга чейин “Социалдык”, “Жеңилдетилген” жана “Арзан” ипотека багыттары боюнча берилет.

“Социалдык ипотека” (жалгыз бой энелер, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын камкорчулары) жана “Жеңилдетилген ипотека” (мугалимдер, дарыгерлер, жалпысынан мамлекеттик бюджеттен айлык алган жарандар) багыттары боюнча жылдык 4 % менен, 25 жылга, алгачкы төлөмсүз алышат. Ал эми “Арзан ипотека” (жеке тармакта иштеген жарандар) багыты боюнча жылдык 8% менен, 25 жылга, алгачкы төлөмсүз алышат.

“Үлүштүк курулуш” механизми боюнча батирдин 1 чарчы метринин баасы жайгашкан аймагына жараша 1 000 АКШ долларынан 1 400 АКШ долларына чейин (“Под ключ”).

Шаар четиндеги райондордо баа төмөнүрөөк болсо, “элитный” жана “алтын квадрат” деп аталган борбордук аймактарда жогору болот. Белгилүү болгондой, үлүштүк негиздеги батирлер негизинен чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештер үчүн сунушталат. Бул механизмде жарандар турак жай кезегине турбайт, анткени батирдин наркынын 50 %ын алгачкы төлөм катары дароо төлөшөт. Калган бөлүгү 15 жылга чейинки мөөнөткө бөлүп төлөнөт. Базардагы бааны ала турган болсок, ошол эле райондогу жаңы курулуп жаткан, ремонту жок (котлован деңгээлиндеги) турак жайлардын 1 чарчы метри 2 000-3 000 долларга чейин жетет. Ал эми МИКтин объектилери “под ключ” системасында, толук бүткөрүлгөн абалда кыйла жеткиликтүү баада сунушталууда.

МИК батирлерди өздүк наркына бир аз акча кошууга аргасыз. Антпесе азыркыдай машстабдуу курулуштарды жасай албайт элек. Кезекте туруп батир алгандардын да, кезексиз жарым акчасын дароо төгүп үлүштүк негизде батир алгандардын да акчалары Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгүн башка жаңы обьектилерди улантуусуна жардам болууда.

2025-жылдын жыйынтыгы менен 4 662 үй-бүлө турак жай менен камсыз болду. 2024-жылы бул көрсөткүч 1 197 үй-бүлөнү түзгөн. Учурда республика боюнча жалпы 80 245 батир курулууда, алардын жалпы аянты 5,4 млн чарчы метр. 2026-жылы республика боюнча жалпысынан 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда. Анын ичинде: Бишкек — 6 323, Чүй облусу — 3 129, Манас — 3 219, Ысык-Көл — 2 266, Ош облусу — 1 458, Ош шаары — 1 454, Баткен — 1 420, Нарын — 433, Талас — 319 батир.

Ошентип, биз узак мөөнөттүү максаттарды көздөп жатабыз. МИКтин программасы аркылуу 10–15 жылдын ичинде бүткүл айыл жергелеринде да Европадагыдай шарттары бар заманбап турак жайларды куруп берүүнү максат кылдык. МИКке дал ушундай тарыхый миссия жүктөлгөн. Эгер МИК үстүнө акча кошпой бере берсе, анда келечекте бул миссияны аткара албай калат.

Бүгүнкү күндө компания миллиарддаган уставдык капиталы бар ири институтка айланды. Азыркы уставдык капиталы — 87,5 млрд сом, келечекте 200 миллиард сомго жеткиребиз деп турабыз. Эгер батирлерди өздүк наркында эле берсек, компания бат эле банкрот болуп калмак. Анткени 25 жылдык мөөнөт, инфляциянын таасири жана компаниянын минималдуу кирешеси да эске алынууга тийиш. Ошондуктан баа саясаты ушундай болуп жатат. Ошого карабастан, мигранттар үчүн өзүнчө кезек түзүү же жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгабыз. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн батирлерди азыркыдан да арзанырак берүү маселесин кошумча талдап көрөбүз.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Садыр Жапаров жана Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү

Садыр Жапаров жана Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:42 27.03.2026
0

Бүгүн, 27-мартта президенти Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери,...

Матвиенко Маматалиевге: «Биз сиздин Орусияга болгон расмий сапарыңызды жогору баалайбыз»

Матвиенко Маматалиевге: «Биз сиздин Орусияга болгон расмий сапарыңызды жогору баалайбыз»

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:49 27.03.2026
0

Москва шаарында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Россиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты...

«Жаңы миграциялык демилгелер боюнча тынчсыздануубузду билдиребиз». Марлен Маматалиев Вячеслав Володин менен жолугушту

«Жаңы миграциялык демилгелер боюнча тынчсыздануубузду билдиребиз». Марлен Маматалиев Вячеслав Володин менен жолугушту

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:52 26.03.2026
0

Бүгүн, 26-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Россия Федерациясына жасаган расмий иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын...

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев расмий иш сапары менен Орусияга барды

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев расмий иш сапары менен Орусияга барды

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:51 26.03.2026
0

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттик делегацияны жетектеп, Россия Федерациясына расмий иш сапары менен барды. Аэропорттон Жогорку Кеңештин делегациясын Россия...

Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:37 25.03.2026
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 26-27-март күндөрү Казакстан Республикасына жумуш сапары менен барат. Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
«Жаңы миграциялык демилгелер боюнча тынчсыздануубузду билдиребиз». Марлен Маматалиев Вячеслав Володин менен жолугушту

"Жаңы миграциялык демилгелер боюнча тынчсыздануубузду билдиребиз". Марлен Маматалиев Вячеслав Володин менен жолугушту

17:52 26.03.2026
1-марттан тартып ысык сууга жаңы тариф белгиленди

1-марттан тартып ысык сууга жаңы тариф белгиленди

09:11 27.03.2026
Бишкекте Осмонкул көчөсүнүн бир бөлүгү реконструкциялоо үчүн жабылат

Бишкекте Осмонкул көчөсүнүн бир бөлүгү реконструкциялоо үчүн жабылат

09:15 27.03.2026
Садыр Жапаров жана Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү

Садыр Жапаров жана Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү

15:42 27.03.2026
Матвиенко Маматалиевге: «Биз сиздин Орусияга болгон расмий сапарыңызды жогору баалайбыз»

Матвиенко Маматалиевге: "Биз сиздин Орусияга болгон расмий сапарыңызды жогору баалайбыз"

09:49 27.03.2026
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кезектеги акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жүргүзүлдү

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кезектеги акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жүргүзүлдү

09:36 27.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү