Президент: «Акаев мурда эл алдында кетирген каталарын толук актады»

«Акаев мурда эл алдында кетирген каталарын толук актады». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «ВБ» басылмасына берген маегинде билдирди.

«Кумтөр» боюнча юридикалык документтерге кол коюу процесстери жүрүп жатат. Буюрса жазга чейин бүтөбүз. «Кумтөр» бизге өткөнү анык. Бул маселеде Аскар Акаевичтин эки жолу келип, тергөөгө берген сурагынын пайдасы болду. Кыскасы Аскар Акаевич мурда эл алдында кетирген каталарын толук актады десек болот. Андан сырткары тергөө менен кызматташкан мурдагы өкмөт башчылары жана депутаттардын да көрсөтмөлөрү таасир этти. Кийин ийне-жибине чейин айтып берем. Азыр болбойт. Баары бүтсүн, бүткөндөн кийин кенен сөз кылабыз, чыдап тургула», — дейт президент.

Буга чейин коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков журналисттерге «Аскар Акаевге коюлган бардык айыптар алынды» деп билдирген. Аскар Акаев өзү да орусиялык басылмага маек берип, анда «Азыр мекенимде мага карата эч кандай дооматтар жок, бардык иштер жабылды деп айта алам» деген. Өз учурунда бул маалымат коомчулукта кескин сынды жараткан. Мындан улам, иш боюнча УКМК үн катып, бардык айыптар алынганы тууралуу билдирүү — бул элдин оюн бурмалоо жана атайылап адаштыруу экенин айтып, Аскар Акаевге жаңы айыптар тагылганын билдирген болчу.