Президент Алмамбет Шыкмаматовдун отставкасын кабыл алды

Шыкмаматов Алмамбет Насырканович берген арызына ылайык, инвестициялар министри ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка кол коюлду.

Кечээ, 27-сентябрда президент Садыр Жапаров Алмамбет Шыкмаматовдун министрлик ишинин жыйынтыгынын жана Кыргызстандын экономикасына чет элдик капиталдык салымдардын агымын көбөйтүү жана инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу алдын ала маалыматын уккан. Аны менен бирге Алмамбет Шыкмаматов алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу каалоосун айтып, буга байланыштуу Инвестициялар министри ээлеген кызматынан отставкага кетүү жөнүндө арыз жазуу ниетин билдирген.