Президент Садыр Жапаров бул ирет «Кабар» агенттигине берген маегинде Кемпир-Абад ишине байланыштуу камактагы саясатчылардын биринин кайрылуусуна жана өлкөдө митинг жасоо аракети тууралуу айткандардын билдирүүлөрүнө жооп берди.
— Кечээ соцтармакта камактагы саясатчы Азимбек Бекназаровдун сизге жолдогон кайрылуусу чыкты. Анда ток этерин айтканда Рамазан айында бири-бирибизди кечиришели, Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарды чыгарыңыз деген ой айтылыптыр. Бул кайрылуу боюнча кабарыңыз бардыр?
— Кечиришели, ит-жыгылыш бололу деген кайрылууларын мен да окудум. Бирок анын тагдырын мен чечпейм. Сот менен прокурор чечет. Бекназаровду колунан жетелеп барып түрмөгө мен салган жокмун да. Аңыраңдап-шаңыраңдаган бойдон барып өзү кирип кетти. Өзү эле эмес канчалаган жаштарды кошо сүйрөп кирип кетти. Алардын убалына калды. Келип аткан Кемпир-Абадды кетип атат деп сакалдуу башы менен жалпы элди адаштырганга аракет кылды.
Биз Кемпир-Абаддын 50 пайызына ээ болдук да. Азыр Өзбекстан тараптан 3, биз тараптан 3 кишиден болуп теңме-тең башкарып олтурабыз. Түбөлүк теңме-тең болот. Буга чейин бир километр жакындай албайт элек. Уңгар-Тоо, Гавасай, айылдардын ичиндеги талаш жерлердин баары биз тарапка өттү. Анан Бекназаровго дагы эмне керек? Жөн гана өзүнүн арам оюн, жеке кызыкчылыгын ишке ашырайын деген ыплас максатын төбөдө Кудай деле көрүп турат да. «Илгерки заманың өткөн, бас, сенин ордуң түрмөдө» деп алып барып киргизип койду го деп ойлойм. Болбосо биз чечкен чек ара маселеси боюнча бизге медаль берсе жарашат эле. Тарых өзү баа берет бул маселеге.








