Президент Башкы прокурорду парламенттин макулдугусуз кызматтан четтете алабы?

Президент бүгүн, 4-июнда Башкы прокурор Курманкул Зулушевди кызматтан убактылуу четтетти, бирок Конституция боюнча парламенттин макулдугу жок четтете албайт. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.

Учурдагы Конституция боюнча президент мындай чечимди парламенттин макулдугу жок чыгара албайт”, — деп айтылат маалыматта.

“Президент Башкы прокурорду Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындайт; мыйзамда каралгандай Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин макулдугу менен Башкы прокурорду кызматтан бошотот», — деп айтылат Конституцияда.