Бийлик өкүлдөрү «Ата-Бейитке» барып, куран окушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде Апрель элдик революциясында курман болгондорду эскерди.

«Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексинде өткөн иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, экс-президент Сооронбай Жээнбеков, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Замир Ракиев, эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев катышты. Алар 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын Мемориалдарына гүл коюп, курман болгондорго багыштап куран окуп, эскеришти.