Президент: «Баткен — Кыргызстандын нечендеген чыгаан уулдарын берген куттуу жер!»

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта жалпы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен Баткен шаарындагы салтанаттуу аземде куттуктады.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Эмне үчүн Ноорузду быйыл дал ушул Баткен жергесинде белгилөөнү чечтим? Эгемен өлкөбүздүн чеги дал ушул Айгүл гүлү гүлдөгөн кереметтүү Баткен жергесинен башталат. Баткен жергеси – көз карандысыз Кыргызстандын нечендеген чыгаан уулдарын берген куттуу жер!

Кыргыз тарыхында маанилүү орунду ээлеген, Кокон хандыгын бийлеген даңазалуу аскер башчы, мамлекеттик ишмер Алымкул аталык; элдин башын бириктирип, туу болуп, өз алдынча мамлекет куруу, эркиндик, азаттык үчүн согушкан Болот хан — Исхак Асан уулу да ушул куттуу Баткенден. Андан берки мамлекет түптөөчүлөрдүн сап башында турган Абдыкадыр Орозбековду, ошол эле мамлекет түптөөчүлөрдүн кийинки муунунун алдыңкы өкүлү Мурат Салиховду кимдер билбейт. Ал эми өз маалынын өтө билимдүү жазгыч акыны Молдо Нияз, бүгүнкү күндө кыргыз искусствосуна эбегейсиз салым кошкон Кыргыз эл баатыры Тургунбай Садыков, кыргыз адабиятында өзгөчө орунду ээлеген кайталангыс сүрөткер Мурза Гапаров жана башка көптөгөн таланттуу инсандардын киндик кан тамган жери – Баткен».