Президент Баткендин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча иштер тууралуу маалымат алды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 20-январда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевди кабыл алды. Анда мамлекет башчысына «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамынын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Арзыбек Кожошев маалымдагандай, 62 преференциялык чек арага чектеш калктуу конуштардын тизмеси бекитилди жана аларды төмөнкү салыктардан бошотуу аныкталды:

— киреше салыгынын ставкасын 10 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөтүү;

— пайда салыгынан толук бошотуу;

— сатуудан алынуучу салыктан бошотуу.

Мындан сырткары, тийиштүү мыйзамдык өзгөртүүлөргө ылайык, Баткен облусуна 1 миллион доллар өлчөмүндө инвестицияларга (өлкөнүн башка аймактарында 3 миллион доллардан кем эмес), Баткен облусу үчүн тоо-кен тармагына 10 миллиондоллар инвестицияларга (өлкөнүн калган аймактарында 20 миллион доллардан кем эмес) мамлекеттик кепилдиктер берилет. Аны менен бирге, мамлекет тарабынан инвесторлорго келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттенет.

Ошондой эле, Баткен облусунда калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды жеңилдетилген негизде көрсөтүүнүн өзгөчө режими киргизилди. «Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардан: ооруканаларда 50 пайыздык арзандатуу менен дарылоо, 50 пайыздык арзандатуу менен лабораториялык изилдөөлөр кыскарган, Ички иштер министрлиги тарабынан соттолбогондугу тууралуу маалымкаттарды акысыз берүү каралды. Бардыгы болуп 7 мамлекеттик кызматтарга жеңилдетүүлөр көрсөтүлөт. Бул чечимди ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 25 миллион сом каралат», — деди Арзыбек Кожошев.

Министрлер кабинети тарабынан Баткен облусундагы чек арага чектеш 62 айылдын туруктуу жашоочулары үчүн пенсияларды 2000 сомго жогорулатуу, жөлөк пулдарды эки эсеге жогорулатуу, аталган 62 айылда үй-бүлөгө электроэнергияны 50 пайыздык жеңилдик менен берүү, социалдык тармактын кызматкерлерине — дарыгерлер, мугалимдер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын кошумча көбөйтүү сунушталды.

Президент Садыр Жапаров айтылган сунуштарды колдоого алды. Мамлекет башчысы кыска убакыт аралыгында тийиштүү нормативдик-укуктук процедураларды соңуна чыгарып, аталган сунуштарды 2022-жылдын 1-мартынан тартып ишке ашырууну тапшырды.

Өлкө башчысы 2021-жылдын 10-сентябрында «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамга кол койгон.