Президент: «Биз кандай гана агрессор болбосун, тиешелүү жооп кайтарууга даярбыз»

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-июнда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын ачып жатып, өлкөнүн Куралдуу күчтөрдү өнүктүрүү маселелерине токтолду.

«Биз Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун ажырагыс бөлүгү катары мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун үстүндө талыкпай иштөөнү уланта беребиз. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасы тынчтыкты сүйгөн өлкө экендигин өзгөчө белгилеп кетким келет. Биз кайсы бир башка өлкөгө кол салуу максатын көздөбөйбүз, андай ниетибиз да жок, андай пландарды дагы койбойбуз.

Кандай гана чыр-чатак болбосун, аны алдын алууга же бир гана дипломатиялык жол менен чечүүгө болот деп эсептейм. Биз ички жана тышкы саясатта дал ушул принципти карманабыз.
Ошол эле учурда, бизге карата куралдуу агрессия көрсөткөндөр болсо, анын кесепетинен жарандарыбыз курман болуп жатса, үйлөрүбүз жана башка инфратүзүмдөрүбүз талкаланып өрттөлүп жатса, биз андайга жөн гана байкоо салып отура албайбыз. Биз кандай гана агрессор болбосун, тиешелүү жооп кайтарууга даярбыз», — деди президент.