Президент болом деп чамынгандардын саны 11ге жетти

Президенттик шайлоого катышам деп чамынгандардын саны 11ге жетти. Соңку болуп мындай ниети бардыгын Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садык Шер-Нияз билдирди. Ал буга чейин мандатын Өмүрбек Текебаевге бошотуп бергени маалым.

Президенттик шайлоого катышам деп Борбордук шайлоо комиссиясына арызын бергендердин катарында Адахан Мадумаров, Канат Исаев, атүгүл Арстан Алай менен Нурлан Мотуев да бар. Баш тарткандар да жок эмес. Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабанов, Таалатбек Масадыков президенттик шайлоого барбайбыз дешти.