Президент: «Бюджетин толук өздөштүрбөй, аткаруусу 0 пайызды түзгөн долбоорлор бир катар мамлекеттик органдарда бар»

Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында бүгүн, 28-декабрда Министрлер кабинетинин  жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Улуттук статкомитеттин маалыматы боюнча, 2022-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын ички дүң продукциясы 781,4 миллиард сомду түзүп, 7 пайызга өсүш камсыздалды. Каржы министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, консолидацияланган бюджеттин көрсөткүчүн 400 миллиард сомдон ашырып жаап жатабыз. Кийинки жылы болсо, билесиздер, 500 миллиард сомдон жогору болот деген амбициялуу максат койгонбуз.

2022-жылы бүткүл портфелдин деңгээлинде жакшы көрсөткүчтөр байкалуусуна карабастан, бир катар долбоорлордун ишке ашырылуусу басаңдап, артта калып жатат. 2022-жылдын мамлекеттик инвестициялардын бекитилген бюджетинен каражаттар толук өздөштүрүлбөй, аткаруусу 0 пайызды түзгөн долбоорлор бир катар мамлекеттик органдарда бар:

— Финансы министрлиги

— Айыл чарба министрлиги

— Энергетика министрлиги

— Экономика министрлиги

— Мамлекеттик курулуш агенттиги

— Саламаттыкты сактоо министрлиги

— Суу ресурстар кызматы

— Салык кызматы

— Улуттук статистика комитети

— Кант шаарынын мэриясы

— Кара-Суу шаарынын мэриясы

— Каракол шаарынын мэриясы.

Мамлекеттик инвестициялар түздөн-түз мамлекеттик карыз менен байланыштуу. Азыркы учурда элде кредиттик жана гранттык каражаттар натыйжасыз иштетилип жатат деген пикир бар. Ошондуктан, Акылбек Усенбекович, даяр акчаны иштетип, натыйжа бере албаган жетекчилерге чечкиндүү чаралар көрүлүшү керек!».