Президент дагы бир жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жарлык экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, улуттун саламаттыгын сактоо, тургундардын жана келечек муундардын кызыкчылыгында өлкөнүн жаратылыш байлыктарын коргоо, курчап турган чөйрөнү жакшыртуу, туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү жана климаттык тобокелдиктерди азайтуу максатында кабыл алынды.

«Курчап турган чөйрөнүн абалын жакшыртуу, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу, климаттын өзгөрүүсүнүн терс кесепеттерин минималдаштыруу маселелерин натыйжалуу чечүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чарбакер субъекттеринин, коомдук жана башка уюмдарынын, жарандарынын маанилүү милдети деп эсептелсин»,-деп айтылат маалыматта

Белгилей кетсек, аталган жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.