Ишемби, 04.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады

14:59 11.03.2026
0
Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады
Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти. Ант берүү аземинен кийин президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, парламенттин ишин санариптештирүү, коомдук биримдик, кадр саясаты жана коррупция менен күрөштү күчөтүү маселелерине депутаттардын көңүлүн бурду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Өлкө башчысы бүгүнкү күндө бардык бийлик бутактары жана коомчулук биригип, болгон күч-аракетин мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө жумшашы керектигин билдирди. Ошондой эле биримдик жана өз ара колдоо аркылуу гана өлкөнү өнүктүрүү, экономиканын туруктуулугун жана жарандардын бакубаттуулугун камсыздоо ишке ашарын, ар кандай пикир келишпестиктер мамлекетти алдыга жылдыруу деген жалпы максатка тоскоол болбошу керектигин белгиледи.

Мамлекет башчысы ондогон жылдар бою калыптанып калган аймактык бөлүнүүлөрдү жоюу багытында акыркы убактарда ырааттуу иштер жүргүзүлүп жатканын айтып, тагыраагы акимдердин, судьялардын жана башка мамлекеттик кызматкерлердин ротациясы ишке ашырылганын билдирди. Муну менен катар ушундай эле принципти жогорку билим берүү системасында да киргизүү пландалып жатканын маалымдады.

Президент Садыр Жапаров мындан тышкары парламенттин ишмердүүлүгүн санариптештирүү зарылдыгына токтолуп: «Акыркы 5 жылда эле парламентте 65 тоннадай кагаз колдонулган. Эми депутаттардын иши планшеттер жана ноутбуктар аркылуу электрондук форматка өткөрүлөт. Бул көп көлөмдөгү кагазды талап кылган документтерди санарип түрүндө ачып, сактоого жана электрондук архив түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Электрондук формат документтерди макулдашуу процессин да тездетет. Президенттин Администрациясы жана Министрлер кабинети мындай форматта үч жылдан бери иштеп келет», — деди.

Өлкө башчысы ошондой эле Министрлер кабинетинин ишинде да айрым кемчиликтер болушу мүмкүн экенин белгилеп, депутаттарды мыйзам долбоорлорун биргелешип кылдат кароого, активдүү талкуулоого жана конструктивдүү пикир алмашууга чакырды. Андан сырткары коррупцияга каршы күрөшкө көңүл бурган мамлекет башчысы өлкөдө коррупцияга орун жок экенин, мындай кылмыштарды жасагандар жазадан качып кутула албай турганын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, мамлекеттик программаларды ишке ашырууга жана мамлекеттик саясаттын актуалдуу багыттарына байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроолоруна да жооп берди.

Алсак, депутат Дастан Бекешев жалпы республикалык тестирлөө тармагын санариптештирүүнү, окуучулар үчүн акысыз кылууну жана мектеп формасына болгон талаптарды жеңилдетүүнү сунуштады.

Депутат Эльвира Сурабалдиева коомдогу зомбулук көйгөйлөрүн ачык талкуулап, аны чечүүнүн жолдорун биргелешип издөө зарылдыгын белгиледи. Эл өкүлү ошондой эле УКМКнын мурдагы ишмердүүлүгүндөгү айрым кемчиликтерге токтолуп, мамлекетке өткөрүлгөн мүлктөр тууралуу маалымат коомчулукка ачык жарыяланышы керектигин билдирди. Өз кезегинде президент Садыр Жапаров дагы жарандардын бардык кайрылуулары жана даттануулары кылдат жана адилет каралышы керектигин айтып, мамлекетке өткөрүлгөн мүлктөр боюнча тиешелүү маалыматтар текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин жарыяланарын кабарлады.

Депутат Камила Талиева мамлекеттик сыйлыктар жаатындагы реформа тууралуу кеп кылып, «Эл мугалими», «Эл акыны» жана «Эл дарыгери» наамдарын калыбына келтирүү зарылдыгын белгиледи.

Депутат Улан Примов өлкө эгемендүүлүк алгандан бери алгачкы жолу мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин жыйынына келип, депутаттардын суроолоруна ачык жооп берип жатканын айтып, мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак-жайларын аймактарда да куруу зарылдыгына көңүл бурду.

Депутат Айгүл Карабекова медициналык каражаттарды өндүргөн ата-мекендик ишканаларга колдоо көрсөтүү маселесин көтөрдү.

Депутат Айсаракан Абдибаева мамлекеттик чек ара, кадр саясаты жана Аксы окуяларына байланыштуу маселелерди талкуулоо үчүн мамлекет башчысынын кабыл алуусун өтүндү.

Депутат Алтынбек Кылычбаев саламаттык сактоо жана агартуу тармагындагы кызматкерлерди турак-жай менен камсыз кылуу маселесин ортого салды.

Депутат Эрулан Кокулов өлкөнүн колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында депутаттардын статусун жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Ал эми депутат Гуля Кожокулова сот органдарынын ишмердүүлүгүнө көңүл бурду.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Кадрдык өзгөрүүлөр: бир катар мэр жана акимдер алмашты

Кадрдык өзгөрүүлөр: бир катар мэр жана акимдер алмашты

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:39 31.03.2026
0

Бүгүн, 31-мартта бир катар аймактардын жетекчилери кызматтан алынып, ордуна башкалар дайындалды. Алар төмөндөгүлөр: Ниязбек Козуев Чүй облусунун Москва районунун акими...

Президенттин басма сөз катчысы Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштаганын ырастады

Президенттин басма сөз катчысы Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштаганын ырастады

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:45 30.03.2026
0

Президенттин администрациясы “Аю Холдинг” компаниясын түптөгөн ишкер, экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримовдун президент Садыр Жапаровго Бишкектеги “Томми молл” соода борбору тууралуу ачык...

Садыр Жапаров жана Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү

Садыр Жапаров жана Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:42 27.03.2026
0

Бүгүн, 27-мартта президенти Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери,...

Матвиенко Маматалиевге: «Биз сиздин Орусияга болгон расмий сапарыңызды жогору баалайбыз»

Матвиенко Маматалиевге: «Биз сиздин Орусияга болгон расмий сапарыңызды жогору баалайбыз»

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:49 27.03.2026
0

Москва шаарында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Россиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты...

«Жаңы миграциялык демилгелер боюнча тынчсыздануубузду билдиребиз». Марлен Маматалиев Вячеслав Володин менен жолугушту

«Жаңы миграциялык демилгелер боюнча тынчсыздануубузду билдиребиз». Марлен Маматалиев Вячеслав Володин менен жолугушту

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:52 26.03.2026
0

Бүгүн, 26-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Россия Федерациясына жасаган расмий иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Ата-эненин мугалимге кол көтөрүүсү боюнча интернетке тараган видео тууралуу министрлик үн катты

Ата-эненин мугалимге кол көтөрүүсү боюнча интернетке тараган видео тууралуу министрлик үн катты

11:20 04.04.2026
Ата-эненин мугалимге кол көтөрүүсү боюнча интернетке тараган видео тууралуу министрлик үн катты

Ош ШИИБ: Мугалим менен ата-эненин жаңжалы. Тараптар бири-бирине арыз жазышкан

10:04 04.04.2026
ТИМ: Айдоочулук күбөлүгү таанылбай жатат деген маалыматтар расмий тастыктамага ээ эмес

ТИМ: Айдоочулук күбөлүгү таанылбай жатат деген маалыматтар расмий тастыктамага ээ эмес

10:10 04.04.2026
Ата-эненин мугалимге кол көтөрүүсү боюнча интернетке тараган видео тууралуу министрлик үн катты

Ата-эненин мугалимге кол көтөрүүсү боюнча интернетке тараган видео тууралуу министрлик үн катты

11:20 04.04.2026
Кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатына катышуучу команданын курамы

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатына катышуучу команданын курамы

11:20 04.04.2026
Шашылыш билдирүү: 4-5-апрель күндөрү Ош, Жалал-Абад жана Баткенде сел жүрүшү мүмкүн

Шашылыш билдирүү: 4-5-апрель күндөрү Ош, Жалал-Абад жана Баткенде сел жүрүшү мүмкүн

10:14 04.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү