Президент: «Добушун саткан да, сатып алып жаткандар да жоопко тартыласыңар»

Бүгүн, 14-ноябрда президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасы аркылуу кезектеги кайрылуусун жарыялады. Анын айтымында, добушун саткан да, сатып алып жаткандар да жоопко тартылат.

«Шайлоодо добушун саткан да, сатып алып жаткан жарандар да жоопко тартыласыңар. Бир жарым жылдан эки жарым жылга чейин соттолуп кетесиңер. Жазык кодексинде ушундай берене бар. Ошондуктан, шайлоочулар добушуңарды сатпагыла, талапкерлер сатып албагыла. Эгер ушундай көрүнүштөр боло турган болсо, укук коргоо органдары катуу чара көргүлө! Мындан ары Кыргызстанда таза шайлоо салтын орнотобуз. Буга чейинки шайлоолор тарых болуп кала берсин», — деп жазылат билдирдүүдө.

Жазык Кодексинин 192-беренеси, Шайлоочуларды сатып алуу:
1. Шайлоо өткөрүү мезгилинде акчалай каражаттарды төлөп берүү, же болбосо таратуу, материалдык баалуулуктарды тапшыруу же кандайдыр бир кызматты же башка байгерчиликти алууга өбөлгө түзүү жолу менен шайлоочуларды сатып алуу IV категориядагы айып пул салууга жазаланат.
2. Президенттикке талапкер, Жогорку Кеңештин же жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер, мамлекеттик бийликтин шайлануучу башка органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талапкер, ошого тете талапкердин жубайы, жакын туугандары жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары тарабынан жасалган ошол эле жосун V категориядагы айып пул салууга же 1-категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
1-категория. Эркиндигинен ажыратууга (жашы жете электер — 1 жыл, 6 айга, башка адамдар — 2 жыл 6 айга чейин) жазаланат.