Президент элдин сынына кабылса да, Тажикстанга барып келгенин айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда, Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү. Ал дүйнө коомчулугунун назарына кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын кезектеги курчушуна байланыштуу соңку окуяларды эске алып, чек арада түзүлгөн жагдайларды билдирди.

«2021-жылдын апрелинде Тажикстандын куралдуу күчтөрү биздин аймагыбызга негизсиз эле масштабдуу агрессия жасады, анын кесепетинен 36 жараныбыз курман болуп, олуттуу материалдык зыян келтирилди. Кыргыз калкымдын сынына кабылсам да, ортолук аянтта жолук деген талапты коюшкан. 2021-жылдын июнунда Дүйшөмбү шаарына учуп барып, Чек ара боюнча өз ара пайдалуу чечимди табууга аракет кылып, президент Рахмон менен жолугуштум.

 Элим үчүн мен сүйлөшүүлөргө, ошол күндөгүдөй он саат гана коротпостон, бул маселени биротоло чечүү үчүн канча болсо да убактымды дагы деле коротууга даярмын. Албетте, кандай чечим болсо дагы өз ара эки тарапка пайдалуу чечим болушу керек», — деди ал.