Президент электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөй жатканын айтты

Президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына энергетикалык тармак боюнча маалымат берүүнү туура көргөнүн жазды.

«Акыркы 15 жылдан бери кышкы мезгилде өзүбүздөн чыккан электр энергия жетпей (жай мезгилинде өзүбүздүкү жетет), кошуна өлкөлөрдөн 3 миллиард кВт/саат электр энергиясын 3 сомдун тегерегинде импорт кылып сатып алып келебиз (мурда 5 сомго чейин алып жүргөн экенбиз). Аны элге 77 тыйындан беребиз, андан тышкары аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 50 тыйындан, тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон аймактарга 77 тыйындан лимитсиз берилип, ортодогу айырма баягы эле энергетика тармагынын 137 миллиард карызынын үстүнө карыз болуп кошулуп келет.

Былтыр биз тарифтерди кандай кылдык? Тоо кен казган тармактарга 5 сом 4 тыйын, мамлекеттик жана орто ишканаларга 3 сом 40 тыйын ал эми, элге 77 тыйындан калтырдык. Ушундай жол менен энергетика тармагынын карызын өстүрбөй кармап туралы деген аракет болуп жатат. Келечекте карызды толук жабабыз. Энергетика тармагы мамлекетти кышта дагы толук кандуу өзүбүздүн электр энергиябыз менен тейлөөгө мүмкүнчүлүк алат. Ал үчүн, ушул тапта 50гө жакын орто жана кичи ГЭСтер курулуп, Камбар Ата-1 ГЭСин курууга даярдык иштери жүргүзүлүп жатат.
Эми бүгүнкү айрым жерлерде свет өчүп жаткан маселеге токтолойун. Азыркы учурдагы энергетика тармагында болуп жаткан жагдайлар боюнча түздөн түз маалымат алып жатам, маал-маалы менен өчүрүүлөр болгон жок, катуу сууктан улам электр энергиясын керектөө бир кыйла жогорулап, электр жабдууларга күч келүүдө. Ошого байланыштуу, электр жабдыктарды сактоо максатында жана авариялык өчүрүүнүн алдын алуу үчүн электр энергиясын өчүрүүгө аргасыз болууда. Эгерде электр керектөө кубаттуулугун азайтуу иштери өз убагында аткарылбаса, бул Кыргызстандын энергетикалык тутумун гана эмес жалпы Борбордук Азиянын бириккен энергетикалык тутумун системалуу аварияга алып келиши мүмкүн», — деп жазды ал.