Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берип, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолукканын айтты.
— Акыркы суроом, досуңуз кызматтан кеткенден кийин жолуктуңарбы? Эгер жолуксаңыздар эмне тууралуу сөз болду?
— Ооба, жолуктук. Кечээ кечинде кабыл алдым. “Эс ал досум, ден соолугуңду кара, тынч жүр” дедим. Досумдун айтымы боюнча, “ак сакалдар” дейбизби, “көк сакалдар” дейбизби, бирөө менен дагы сүйлөшкөн эмесмин дейт. Ошондон улам мен жыйынтык чыгардым. Демек, тигилер досума билгизбей эле өздөрүнчө жашыруун план менен иш жүргүзүп жатышкан экен. Орустар айткандай, “медвежья услуга” көрсөтүштү.
Баарын тазалап, тартипке алып келебиз. Кудайга шүгүр, буга күчүбүз жетет.












