Мындан эки күн мурун, 29-мартта Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы болуп дайындалган Эрлис Тердикбаевге генерал-майор жогорку аскердик наамы тапшырылды. Бул тууралуу маалыматты президенттин аппараттынын маалымат кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, Эрлис Тердикбаевге генерал-майор жогорку аскердик наамын ыйгаруу боюнча тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.