Президент жер мунапысын жөнгө салган мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамга кол койду. Ал Жогорку Кеңеш тарабынан 17-мартта кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты жер участокторуна мунапыс берүүнүн укуктук негиздерин, шарттарын жана тартибин аныктоо болуп саналат. Бул мыйзам ушул документте каралган жер мунапысынын объектилерине болгон жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча жер мунапысын жүргүзүүнү жөнгө салат.