Президент: «Казакстанда адилетсиз жоопко тартылган ар бир Кыргыз жараны үчүн катуу күрөшөбүз»

«Казакстанда адилетсиз жоопко тартылган ар бир Кыргыз жараны үчүн катуу күрөшөбүз». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Биз Казакстанда болуп жаткан окуялардан толук кабардарбыз. Викрам Рузахунов тууралуу маалымат эртең менен социалдык түйүндөргө чыгары менен дароо министрликтерге тийиштүү тапшырмаларды бердим. Эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда иштер жүрүп жатат. Казакстанда иштеп жүргөн биздин жарандарыбыз көп. Балким, алардын арасында митингге катышып калгандар да болушу мүмкүн. Эгер катыштыгы жок, жөн гана адилетсиз жоопко тартылып жаткан жарандарыбыз болсо, алардын ар бири үчүн катуу күрөшөбүз. Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жыйынтыгын күтөлү», — деп жазылат билдирүүдө.

Бүгүн, 9-январда Алматыда кармалгандардын бири сурак учурунда Кыргызстандан барганын айтканы тартылган видео казак басылмалары тарабынан жарыяланды. Буга удаа эле Кыргызстандан Казакстанга акча сунушташканы үчүн митингге баргам деген адам — бул Алматыга концерт коюп көп барган джаз музыканты Викрам Рузахунов экенин тааныштары видеодон таанып, коңгуроо кага баштаган. Ички иштер министрлигинен музыканттын Алматыга билетти 2021-жылдын 16-декабрында сатып алганын, 2-январь күнү саат 20:00дө учуп кеткенин маалымдашты.