Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын аскердик контингентин Казакстан Республикасынын аймагына тынчтыкты сактоо ишине катышуу үчүн жөнөтүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын аскердик контингенти Казакстандын аймагына кырдаалды турукташтыруу жана нормалдаштыруу максатында убактысы чектелген мезгилге тынчтык сактоо ишине катышуу үчүн жөнөтүү токтом кылынат.
Президент Садыр Жапаров аны менен катар Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин 6-январдагы чечимин, Жогорку Кеңештин 7-январдагы токтомун, «Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесин, «Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү жөнүндө» мыйзамынын 10-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 70-беренелерин эске алды.