Президент Кемпир-Абад боюнча: «Биздин бир кемчилигибиз жабык эшик артында карап келгенибиз болуптур»

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде Кемпир-Абад боюнча камалгандар жана Бишкектеги ыш көйгөйүнүн айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу комментарий берди.

 “Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” кармалган мүчөлөрүнүн камактагы мөөнөтү дагы узартылды. Алардын чындап эле өлкөдө массалык башаламандык же башка мыйзамсыз иштерге баруу аракети болгонбу, же бул саясий куугунтукпу?

— Биринчиден, «Кемпир-Абадды коргоо комитети» деп атап алгандардын жеткен акылы ошол болсо, башкасын айтпай эле коеюн. Ошол камакта жаткандардын дээрлик 90 пайызы жабык эшик артында өтүп турган чогулуштардын баарына бир эмес, эки-үч жолудан катышкандар. Демек, Кемпир-Абад боюнча маселе биздин пайдабызга чечилип жатканын менден жакшы билишкен. Бирок төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба алышпай, ушул Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен. Кемпир-Абадды бербей эле, тескерисинче, биз 50/50 пайыз менен башкарабыз деп кирип атабыз. Алып атабыз. Буга чейин 100 пайыз өзбек тарап ээлик кылып келген. Плотинага биз тараптан, адамдарды бул жакка коелу, чычкан жөргөлөп кире алчу эмес. Же калппы? Биздин бир кемчилигибиз тээ башында эле ачык карабастан, жабык эшик артында карап келгенибиз болуптур. Анткени биздин пайдабызга чечилип жаткан иштерибиз бузулуп кетпесин деген элек. Ратификациядан өткөнгө чейин экинчи тарап айнып кетсе иш аягына чыкпай калат. Мындай укук эки тарапта тең болот. Кайра өзгөртөлү, биз тарап айныдык дегенге укуктарыбыз бар. Ошол себептен Жогорку Кеңешке ратификацияга келгенге чейин жабык эшик артында карап келдик. Муну түшүнүп туруп, түшүнгүсү келбегендер ушундан пайдаланып кетели дешти. «Мына көрдүңөрбү, жабык эшик артында карап жатышат, демек биздин пайдабызга чечилген жок» деп элди козутуп жатышты. Мындай козуткучтар түз эле түрмөгө барып түшүштү.

Ратификациядан өткөндөн кийин эч ким артка кайта албайт. Айныбайт. Мына азыр эми чек ара маселесине чекит коюлуп, күчүнө кирди. Биздин пайдабызга чечилгенин жалпы эл өз көздөрү менен көрүп, күбө болушту.