Президент Кочкордо мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин эстелигин ачты

“Нечен кылымдарды башынан кечирген кыргыз элинин тарыхында жамы журттун намысын жогору койгон, өзүн күнүмдүк турмуштан жогору туткан, бүткүл өмүрүн өз элинин келечегине арнаган адамдар арбын болгон. Алардын бири – Турдакун Усубалиев”, — деди президент Садыр Жапаров. Ал бүгүн, 11-мартта, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин Нарын облусунун Кочкор айылында эстелигин ачуу аземине катышты.

Мамлекет башчысы Турдакун Усубалиевдин эстелигине гүл коюп, өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду:

«Чейрек кылым Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары болуп иштеди, СССР Жогорку Советине 5 жолу, Кыргыз ССР Жогорку Советине 6 жолу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланды. Ошол мезгил аралыгында Кыргызстанда жаралган көптөгөн жаңы саамалыктар, жакшы жөрөлгөлөр анын ысымы менен тыгыз байланышкан.

Маселен, Турдакун Усубалиевдин жетекчилиги астында Кыргызстан агрардык өлкөдөн индустриалдык-агрардык республикага чейин өсүп жетилди. Ушул мезгилде Кыргызстанда көптөгөн ГЭСтер салынды, завод-фабрикалар, социалдык жана маданий жайлар курулду, жаңы жерлер өздөштүрүлүп, айыл чарбасы ырааттуу өнүктү. Бишкек шаарынын борбордук аянтындагы, анын тегерегиндеги ажайып имараттар, калаа четиндеги жүз миңдеген калк жашай турган кичи райондор да анын жеке көзөмөлү менен курулган. Ошондон улам, эл оозунда “ордо калаанын башкы архитектору” деген образдуу ысым ыйгарылып, тарыхта калды.

Кыргызстан эгемендикке ээ болгон жылдары да эл ишенимине ээ болуп, кыргыз парламентинин жаңы шартта, жаңы нукта калыптануусуна жана анын андан ары өнүгүшүнө барандуу салым кошуп келди. Айрыкча өлкөнүн жаратылыш байлыктарын, анын ичинде суу ресурсун сарамжалдуу жана өз багытында пайдалануу жаатында жигердүү аракеттерди жасап, Суу кодексин иштеп чыгуу жана кабыл алуу демилгесинин башында турду. Ал азыр дагы өз маанисин жоготкон жок. Ошону менен бирге, Турдакун Усубалиев өлкөнү жетектеп турган маалда Теӊир-Тоонун бермети Соң-Көлдү соолуп калуудан сактоо, башынан кыргыз жергесин кайып аккан Сары-Жаз менен Каркыра дарыяларынын суусун Ысык-Көлгө буруу, Сары-Жаз дарыясына ГЭС каскадын куруу сындуу ири долбоорлор иштелип чыкканын жакшы билебиз».