Президент: «Колундагы оокатын, 2 миллиард сомдон ашык акчасын алгандан кийин Матраимовду чыгарып койдук»

«Колундагы оокатын, 2 миллиард сомдон ашык акчасын алгандан кийин Матраимовду чыгарып койдук». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

«Раим Матраимовду камабадыкпы. Камап, 2 миллиард 150 миллион сом акча төктүрдүк. “Эльдорадо” деген соода түйүнүн алдык. Элиталуу 10 квартирасын алып, Мамлекеттик ипотека компаниясы аркылуу элге таратып бердик. Кошуна мамлекеттердин баарына жана Дубайга дагы суроо каттарын жөнөттүк. “Силерде болгон кылмыштары же мүлктөрү болсо, тизмесин бергиле” деп. Бардык мамлекеттен “андай жок” деген жооптор келди. Болсо дагы 2017-жылы ызы-чуу башталганда, сатып жиберген экен деген маалыматтарды алдык. Колунда болгон оокатынын баарын, эки миллиарддан ашык акчасын алгандан кийин чыгарып койдук. Аны түрмөдө элдин эсебинен багып жатып эмне кылабыз?» — дейт президент.